7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Чүйдөгү өкүлү ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

240

Бүгүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев билим тармагында өзгөчөлөнгөн бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

“Алтын сертификат” жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон жана Республикалык олимпиаданын IV этабында (республикада) эӊ жогорку балл алышкан бүтүрүүчүлөргө Канат Жумагазиев 5000 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Чүй облсунун билим берүүсүнө, өсүп келе жаткан жаш муундун интеллектуалдык, инновациялык өнүгүүсүнө жана окуу тарбия иштерине кошкон зор салымы үчүн бүтүрүүчүлөрдүн класс жетекчилерине ыраазычылык каттар жана акчалай сыйлыктар дагы берилди.

Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды. Ал эми, “Алтын балалык” ден соолукту чыӊдоонун реаблитациялык борборуна балдарды коштоп, жоопкерчиликтүү кызмат көрсөткөндүгү үчүн билим берүү тармагында эмгектенген өкүлдөр Чүй облусунун Ардак грамотасына татышты.

«Алдыда силерди жаңы мүмкүнчүлүктөр, ийгиликтер, жаңы ачылыштар күтүп турат. Окуган мектебиңердин сыймыгы болдуңар, эми тандаган окуу жайыңардын сыймыгы болууга, андан соң өз өлкөңөрдүн сыймыгы болууга умтулгула. Силердей билимдүү жаштары бар элдин тарыхта изи жоголбойт. Мына силердин колуңарда алтын сертификат турат. Бул сертификат силерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Силер үчүн Кыргызстандагы бардык жогорку окуу жайларынын эшиги ачык. Кыргыз мамлекетинин келечеги силердин колуңарда! Мен силерге өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, башка өнүккөн мамлекеттердин катарынан орун алышына өз салымыңарды кошот деп бекем ишенем! Дагы бир жолу ийгилигиңер – алтын сертификатыңар кут болсун! Силерге жакшы маанай жана жаркын келечек каалайм!»,- деди Жумагазиев. 

 

241