7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин катышуусунда футболдук турнир өтөт

658

27-28-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги «Мурас» футболдук турнири өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Буга чейин чүчү кулак кармоонун жыйынтыгы менен тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:

А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;

В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;

С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;

D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром — балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын (А жана В тайпалары) жана Эл-ТРдин (C жана D тайпалары) түз эфиринен көрсөтүлөт.

Көрсөтүүнүн башталышы: саат 10.00.

Турнирди көрүүнү каалагандардын баарына эшик ачык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659