7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин катышуусунда “Мурас” салттуу достук мелдеши өтөт

2

2025-жылдын 13-14-декабрь күндөрү өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен «Мурас» салттуу достук мелдеши өтөт.

Белгилей кетсек, мелдеш 2022-жылы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан демилгеленип, президент Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан колдоого алынган. Салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат. Мелдештин учурдагы чемпиону – «Ден соолук» командасы.

Мелдеште «Президенттин командасы», «Аймактар», «Билим», «Ден соолук», «Динамо», «Достук», «Журналистер», «Коопсуздук», «Көзөмөл», «Өнөр», «Спорт чеберлери», «Фемида», «Ыйман», «Элчилер», «Иш башкармасы», «Юстиция» командалары күч сынашат.

Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде жана «Газпром балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлөт. Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.

Кыргыз футбол биримдиги футбол жана футзал күйөрмандарын аталган мелдештин оюндарына күбө болууга чакырат! Оюндар саат 9:00до башталат.

Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президентинин Администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулат.

3