7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин Орусияга расмий сапары менен барары күтүлүүдө

332

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-мартта, Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды.

Жолугушуу Бишкекте боло турган соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 24-жыйынынын алкагында өттү. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн элдеринин боордоштугу, алардын тарыхый жана маданий жалпылыгы Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карала турганын белгиледи.

Кыргыз-орус кызматташтыгын илгерилетүүдөгү колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда окутуусу орус тилинде тогуз орто мектепти куруу боюнча бүгүн кол коюла турган Макулдашуунун маанисин белгиледи. Кыргызстанда орус тилинин статусу маселесине токтолуп, президент Садыр Жапаров бул маселеде саясий манипуляция жасоо аракеттерине чечкиндүү каршы экенин белгиледи – орус тили өлкөнүн Конституциясында расмий тил катары бекитилген.

Садыр Жапаров өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди. Өз кезегинде Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргызстан менен Россияны өнөктөштүк жана ишенимдүү мамилелери бириктирип турганын, Садыр Жапаровдун Россияга күтүлүп жаткан расмий сапары эки өлкөнү мындан да жакындашуусуна өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Алексей Оверчук бүгүн кол коюлчу макулдашуунун алкагында Кыргызстанда курула турган мектептердин долбоору тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, жаңы жалпы билим берүү жайларынын бүтүрүүчүлөрү эки үлгүдөгү — Кыргызстан менен Россиянын аттестаттарын алышат. Заманбап мектептер төрт корпустан турат: административдик, спорттук, башталгыч класстар үчүн жана өзүнчө жогорку класстар үчүн. Окуу комплекси заманбап техника менен жабдылып, оюн аянтчасы, бассейндер жана спорт залдары болот.

Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын мазмундуу күн тартибин канааттануу менен белгиледи, анын көптөгөн маселелери боюнча аткарыла турган чоң иштер турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

333