7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Учкун” басмаканасы чет өлкөлүк каржылоонун негизинде жаңыланууда

384

Президент Садыр Жапаров “Учкун” басмаканасын жаңылоо жана анын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тапшырмасын койгон. Басмаканада буга чейин аттестат, күбөлүктөр, дипломдор сыяктуу жөнөкөй мамлеттик иш кагаздар гана басылчу. Көп нускалуу китептерди басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү дагы аз болгон. Буга байланыштуу окуу куралдары жеке компаниялар тарабынан даярдалып келет.

Учурда “Учкунга” чет өлкөдөн жаңы заманбап техникалар келип түшүп, жаңылоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул иштер толук аягына чыккандан кийин, басмакана ID-card, жалпы жарандык паспорт, айдоочулук күбөлүк, унаалардын техникалык паспортун даярдап баштайт.

Азыркыга чейин, ID-card Түштүк Кореялык жеке компаниясы, жалпы жарандык паспорт Германиялык жеке компаниясы тарабынан, ал эми айдоочулук күбөлүк Казакстандан даярдалып келет. Ал үчүн мамлекеттин казынасынан ири суммадагы акча каражаттары коротулуп жатканы белгилүү.

“Учкун” басмаканасынын техникалык базасы тийиштүү талаптарга жооп бере тургандай болуп жаңылангандан кийин, мындан ары документтерди мамлекет өзү даярдайт, андан түшкөн киреше мамлекеттин казынасына түшөт.

Китеп басып чыгаруу боюнча дагы техникалык шарттар түзүлөт, анда кыска аралыкта көп нуска басып чыгаруу, ага жараша баасы арзандайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

385