7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профсоюз федерациясынын бир катар кызматкерлери кармалды

451

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына, ошондой эле Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын тиешелүү токтомун аткаруу үчүн, мурда мыйзамсыз чыгарылган Кыргызстан профсоюздар федерациясынын (КПФ) кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо максатында, УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

2014-жылы КПФнын кеңешинин мүчөлөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” эс алуу үйү жайгашкан 2,34 га жер тилкесин КПФнун менчигинен мыйзамсыз чыгарып алышкандыгы, кийин аны уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин аффилияцияланган адамдарына КПФнын пайдасына эмес шарттарда сатып жиберишкени аныкталды.

Андан соң, “Имидж Строй” ЖЧКсы (К.Асанбектин аффилияцияланган фирмасы) тарабынан “Каганат” коттедж комплекси салынган.

Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттедждерди куруу үчүн пайдаланылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 28-ноябрда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, Машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасынын орун басары, Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КПФнын мыйзамсыз алынган мүлкүн аныктоо жана кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

452