2023-жылдын 10 айында Мамлекеттик салык кызматынын салыктык түшүүлөрү 19,3%га, Мамлекеттик бажы кызматы – 51,9%га өстү. Бул тууралуу расмий сататистика министрликтин айлык отчётторунун маалыматтарын салыштырууда көрүнүп турат.
Жыл башынан бери эки башкармалыктын 10 ай ичиндеги салыктык кирешелери:
— Мамлекеттик салык кызматы – 123,1 млрд сом (2022-жылдын январь-октябрында – 103,2 млрд сом);
— Мамлекеттик бажы кызматы – 89,7 млрд сом (2022-жылдын январь-октябрында – 59,1 млрд сом).