7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура: Айзаданын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козголду

881

27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинин 2-бѳлүмү (шалаакылык беренеси) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

5-7 апрель күндѳрү 1994-жылы туулган Айзада Канатбекованын уурдалып, андан кийин ѳлтүрүлүшү боюнча факты Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерилди.

Тергѳѳ ишин жүргүзүү Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болгону 7-апрель күнү маалым болду. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүргөнү жана өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапты. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл кечээ, 8-апрелде митингге чыкты. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздардын коопсуздугу учурда кескин чараларды талап кылды.

Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилди.

Айзада Канатбекова 1994-жылы туулган. Ал Кыргыз-түрк «Манас» университетин бир жыл мурун бүтүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

882