7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин мигранттардын балдарын мектепке алууда пайыздык чектөө киргизүүнү тапшырды

2204

Өткөн жума Орусиянын президенти Владимир Путин, орус мектептерде мигранттардын балдарынын саны көбөйүп кетпешин көзөмөлдөө талабын койду.
Президент, мигранттардын балдары класс ичинде басымдуулук кылып, башка окуучулардын орус тилин жана маданиятын үйрөнүүсүнө тоскоолдук жаратпашы керек, бул билим берүү системасына олуттуу көйгөй болот деген пикирин айткан.
Ал Европа менен АКШнын мектептерин мисал келтирип, мигрант окуучулардын класс ичинде көп болушунун айынан, жергиликтүү жашоочулар балдарын башка мектепке которуга мажбур болот деп чочулайт. Россияда мындай учур катталбаш үчүн мигрант окуучулардын пайыздык катышын карап чыгууну билим берүү ведомствосуна тапшырган.
2020-жылы Орусиянын мектептеринде 140 миңден ашуун мигранттардын балдары билим алган. Ал эми жалпы мектеп окуучуларынын саны 16 млн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2205