7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшан Сабиров: Ошко курулуш ишканаларын ачууну колго алабыз

245

Бүгүн Ошто регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.


Кеңешмеге вице-премьер-министр Равшан Сабиров, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттиги, Энергетика , өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.

«Ош облусунун аймагында өндүрүш, кайра иштетүү, курулуш боюнча ишканаларды ачып, ошол тажрыйбаны башка облустарга жайылтууну колго алабыз», — дейт Равшан Сабиров.

Ал эми, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов: » Урматтуу жетекчилер, Сиздер сунуштаган тендер боюнча комиссияга дүйнөдөгү бараандуу компаниялар катышпайт, караганы убактысы жок. Тендер, социалдык мекемелерге жеткирүү үчүн ыңгайлуудур, бирок, өндүрүштүк, кең иштетүү көлөмдүү тармакта даяр сунуш менен олуттуу, репутациясы жакшы компанияларга өзүбүз чыгып сунуштап кызматташуу керек. Антпесе, аты , дареги жок ишканалар тендерден утуп, ишин аткарбай, жылдап соттошкон учурларды көрүп жүрөбүз.» — деген оюн сунуштады.


«Агробизнестик атаандаштыкка туруштук берүү борборунун директору Т. Беков: «Ош облусунун аймагында агробизнес тармагына Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан 60 млн АКШ доллары ( 30млн — агрардык тармакка, 30 млн- туризм) көлөмүндө каражат бөлүндү. Биз аны максаттуу пайдалануу керек. Анткени, Ош облусу азык-түлүк коопсуздугу боюнча кооптуу, 40-70% гана камсыз кыла алат. Ошондуктан, биз да Кокон — Ош -Букара багытында агро класстер түзүп жатабыз», — деп билдирди.


Алар Ноокат районунда алманы Россияга , Араван районунда кокон гиласти Кытайга экспорттоо үчүн борборлоштурулган логистикалык борбор ачуу долбоорун сунушташты. Заманбап фитосанитардык көзөмөлдөөнү ошол жерден бекитип, маркировка менен өзгөчө бажы зонасын уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн каражат бар, Өкмөттүн колдоосу керек экендигин билдиришти.

Жарасул Абдураимов региондорду өнүктүрүү ар бир облуста өзүнчө эмес, алакада комплекстүү жүргүзүлүшү зарыл экендигин белгилеп: » Таш — Көмүрдө кристалл чыгаруучу заводдун базасында тери иштетүү завод ачуу- зарылдык. Анткени, ошол жердеги тазалоочу механизм ошого ылайык. Ар бир районго кабыл алуу пункттарын ачуу менен сырье топтолот. Бул Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун эмес, Өкмөттүн улуттук программасы болуш керек», — деп жыйынтыктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246