7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Равшанбек Сабиров «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

224

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


«Өлкө калкынын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде жашай турганын эске алуу менен, айыл өкмөттөр тарабынан көтөрүлгөн демилегелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар дайым колдоого алат. Айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү, калктын жашоосуна мыкты шарттарды түзүү, көрктөндүрүү, маданий мекемелердин абалын жакшыртуу жана маданий мурастарды сактоо, инвестицияларды тартууга өзгөчө маани берилет», — деди Равшанбек Сабиров.
Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган 6 айыл өкмөткө берилген байгенин жалпы суммасы 6 миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын катышуучулары эки топко бөлүнүп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.


Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:

  • I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен — Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү;
  • II орунда бир миллион сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү;
  • III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен — Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү;
    экинчи топтун жеңүүчүлөрү:
  • I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү;
  • II орунда бир миллион сом байге фонду менен — Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү;
  • III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен — Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225