7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Раззаков шаардык автобекети мамлекетке кайтарылды

537

Баасы 76 млн сомдон ашык суммадагы Раззаков шаардык автобекети ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан өлкө аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объекттерди мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алсак, тиешелүү иштердин натыйжасында «Лейлек-Автобекет» ЖЧКсынын акционерлери 2024-жылдын 17-сентябрында Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына Дадасян көчөсү, 47Б дарегинде жайгашкан, базар баасы 76 млн 500 миң сомду түзгөн 0,51 га жер тилкеси менен шаардык автобекетти ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришти.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу иштери улантылууда.

538