7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия Азаттыктын 6 сайтын, «Настоящее время» долбоорун кара тизмеге киргизди

731

Россиянын Юстиция министри Азаттыктын орус кызматын  «чет элдик тыңчылардын» реестрине, башкача айтканда  кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу «Азаттык» кыргыз кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, министрлик «Голос» кыймылы менен кызматташкан 22 журналистти жана укук коргоочуларды кара тизмеге киргизген.  Алардын арасында «Медиазонанын» башкы редактору Сергей Смирнов, негиздөөчүсү Петр Верзилов,  «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы («Радио Свобода»), орус тилинде чыккан алты веб-сайтты, «Настоящее время» кызматы,  «Нижегороддогу немис жана европалык маданий борбор» менен «Гендердик иликтөөлөр» коомдук уюму, «Зона права» укук коргоо долбооруда бар.

Смирнов орус бийлигинин чечимин «дискриминация» деп сыпаттады.

Орусиядагы күч органдарынын ишмердигине көз салган «ОВД-Инфо» долбоору «чет элдик агенттердин» катталбаган коомдук бирикмелеринин тизмесине алынды.

“Радио Свобода” “чет өлкөлүк тыңчы” деген макамды четке кагып, альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатканын билдирет. Юстиция министрлиги соңку чечими тууралуу эч кандай түшүндүрмө берген жок.

Ушул тапта Орусиядагы “чет элдик тыңчылар” тизмесине 72 жаран жана бир катар уюмдар киргизилген. 2021-жылдын башынан тарта тизмеге 55 пункт кошулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

732