7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия эмне үчүн Кыргызстандын сүт продукцияларын сатып алууну токтотту?

686

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Назарбек Малаевге «Россия эмне үчүн Кыргызстандын сүт продукцияларын сатып алууну токтотту?»деген суроо берди.

Бул суроого Экономика министринин орун басары Назарбек Малаев жооп берип, мындайча түшүндүрдү:

« Орусия тараптан келип, сүт чыгарган мекемелерде инспекция жүргүзүп кетишкен. Анын жыйынтыгында, сүттүн экспорту аябай көбөйүп кеткендиктен алар силердин сүт эле келип жатабы же дагы кошуп берип жатасыңарбы деген себепте иликтөө жүрүп жатат. Менин билишимче алар Ветеринардык кызматтарга сертификат бербей туруу боюнча кайрылуу жасашты. Эми чогуу иликтөө жүргүзүшөт” — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-апрелден 16-апрелге чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларынан Орусияга сүт азыктарын ташууга тыюу салган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687