Артем Новиков жана Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу өткөрдү.
Артем Новиков белгилегендей, бүгүнкү күндөгү байланыштардын динамикасы эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин мыкты көрсөтүп турат.
«Ириде Кыргызстандын Өкмөтүнүн атынан россиялык тарапка бюджеттик тутумду турукташтырууга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү өз учурунда көрсөтүлгөн финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кабыл алынган чечим Россия тарабынан Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү баскычтуу жандандыруу тууралуу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Москва шаарында жетишилген макулдашуулардын далили болуп саналат. Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан жарандар алдындагы бардык социалдык төлөмдөр бюджеттик каражат эсебинен толук көлөмдө каржыланды. Россиялык тараптын финансылык көмөгү бюджетти колдоого багытталат», — деди ал.
Өкмөт башчынын м.а. кошумчалагандай, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасынын» долбоорун даярдоо тууралуу макулдашууга жетишилди.
Артем Новиков россиялык тарапка «Жол картасынын» даярдалган долбоорун алар тараптан каралып, толуктап чыгуу үчүн тапшырды.
«2021-жылы «Жол картасына» кол коюлушу өнөр жай кооперациясы жаатындагы долбоорлорду, экономикалык кызмтташтыкты кеңейтүү үчүн стимул катары, ошондой эле эки өлкө ортосундагы товар жүгртүү көлөмүн жогорулатууда маанилүү кадам болооруна ишенем. Келерки 2021-жыл кыргыз-орус мамилелерин чыңдоону улантуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, анын катарында Россия Федерациясы менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жылдардан болот деп эсептейм. Кыргыз тарап Россия Федерациясы менен экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр», — деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы жыл майрамына байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.