7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда 9 жерине бычак сайылган кыргыз кызынын жансыз денеси табылды

6148

Москванын жанындагы Мытищи шаарында 9 жерине бычак сайылып өлтүрүлгөн кыргыз кызынын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу “Вечерняя Москва” гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмыш 6 -августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө, кол салган адам бычак алып чыгып, аны далысына тогуз жолу сайып жиберген.  Маркум алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Россиянын тергөө комитети кол салган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын, ага карата  “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлайт. 

Белгилей кетсек, маркум 19 жашта болгон. Кылмыш катталган кечинде англист тили курсунан үйүнө бараткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6149