7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы кыргыз диаспорасы мекендештерди сак болууга чакырды

420

Россиядагы кыргыз диаспорасына Россиянын Ички иштер министрлигинен кайрылуу каты келди. Бул тууралуу диаспоранын төрагасы Кубанычбек Осмонбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, катта Россиянын аймагы боюнча эл аралык террористтик уюмдар жардыруу уюштурууга аракет жасап жаткандыгы айтылган. Оперативдик маалыматтарга ылайык, ал жардырууларды курьерлер аркылуу ишке ашыруу планы бар экендиги белгиленген.

Мындан улам Кубанычбек Осмонбеков Россияда такси жана курьердик кызматтарда иштеген мекендештерди сак болууга чакырды.

“Россия Фдерациясынын ИИМинин бизге жиберген катында кыргызстандыктарга маалыматты жеткирип коюу өтүнүчү айтылды. Буга байланыштуу такси кызматында жана курьер болуп иштеген мекендештер, кандайдыр бир буюмдарды алып-берип жатканда кайсы жерден алып баратасыздар, кимден алдыңыздар бүт баарын тактап, ачып көрүп анан оокаттарды жеткириңиздер. Буюртма берүү менен террористтер жардыргыч затты эл көп топтолгон метро, аэропорт, вокзалдарга жөнөтүп, курьер менен чогуу жардырганга аракет көрүп жатат деген маалыматтар бар экен. Ошол үчүн ар бир мекендешке ушул маалыматтарды таратып коюңуздар”, — деди ал

 

421