7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядан кайтарымсыз техникалык жардамдын биринчи партиясы келди

654

Мамлекеттик салык кызматы Россия менен Кыргызстан өкмөттөрүнүн ортосундагы салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жабдуулардын биринчи партиясын алды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, макулдашууга ылайык Салык кызматына маалыматтык база сервери, фискалдык маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу, аналитикалык система жана тиркемелердин сервери өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле жакынкы арада эсеп-кысап инфраструктурасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жабдууларды, ошондой эле ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун жүргүзүү үчүн контролдук-кассалык машиналардын үлгүлөрүн жеткирүү пландалууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655