7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядан Кыргызстанга кароосуз калган балдар алып келинди

497

Орусиядан ИИМдин жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна 5 өспүрүм жеткирилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Коомдук коопсуздук кызматына 3 жаштан 18 жашка чейинки, адашып кеткен, үйдөн жана балдар мекемелеринен өз эрки менен кеткен же издөөдө жүргөн балдар алып келинет. Мындан тышкары, бул жерге ата-энесинин камкордугусуз калган жана мамлекеттин жардамына муктаж болгон балдар жеткирилет.

Жакында эле ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматына башка мамлекеттин аймагында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосуз калган 5 өспүрүм жеткирилген. Кызматкерлер «Манас» аэропортуна барып, Москва – Бишкек каттамы менен келген өспүрүмдөрдү тосуп алышкан. Алардын баары Орусиянын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн убактылуу кармоочу жайында болушкан. Өспүрүмдөр Орусиянын аймагында ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кароосу жок калган.

Кайтарып берилгендер үй-бүлөдө жашоо жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында болуу себептери такталды. Алдын алуу жана тарбиялоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин балдар алардын жакын туугандарына өткөрүп берилет.

498