7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

355

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Чын жүрөктөн чыккан Жаңы жылдык куттуктоолорду кабыл алыңыз. Россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери абдан ийгиликтүү өнүгүүдө. Биздин өлкөлөр саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда активдүү кызматташып, КМШ, ЕврАзЭС, ЖККУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биз, албетте, конструктивдүү эки тараптуу байланыштарды андан ары арттыруу, ошондой эле Евразия мейкиндигинде өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди илгерилетүү жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргелешкен тыгыз иштерди улантабыз.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы 2025-жылы ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына — бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

356