7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министри кыргыз элине гумжардам үчүн ыраазычылык билдирди

487

Кыргызстан жөнөткөн гумжардам Орусияга жетти. Орусиянын министри Кыргызстандын министрине чалып, ыраазчылык билдирди. Бул тууралуу  ӨКМден билдирди.

Суу апаатынан жабыркаган Оренбург облусунун Орск шаарына жөнөтүлгөн гумжардамдын 2-бөлүгүн Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-лейтенант Александр Куренков тосуп алып, кыргыз элине гуманитардык жардам үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Куренков кесиптеши генерал-майор Бообек Ажикеев менен телефон аркылуу байланышып, өз сөзүндө: » Достугубуз кылымдарга! Кыргыз элинин бул жардамы эсибизде түбөлүк сакталат»-, деп баса белгиледи.

Белгилей кетсек, 24-апрель күнү министр Александр Куренков менен » Оренбург жардам кербенин» жетектеп келген Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы, полковник Алмазбек Асанов башында турган ӨКМдин кызматкерлери менен жолугушуусу өтөт.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

488