Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Финалда Акжол венгриялык Золтан Леваиге каршы килем үстүнө чыкты. Күрөш башталары менен кыргыз балбаны атаандашын эки ирет көтөрүп чаап, 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.