7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өсүмдүк майынын 5 литри 600 сом». Базарда азык-түлүктөр арзан баада сатылып жатат

884

Жалал-Абад шаарындагы жаңы ачылган муниципалдык базарда үй-тиричилик буюмдары, азык-түлүктөр жана эт-сүт азыктары арзан баада сатылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк майынын беш литри 600 сом болсо, 1 кг кумшекер 88 сомдон, ундун бир мүшөгү 1850 сомдон 2350 сомго чейин сатылып жатат. Ошондой эле малдын эти 460 сомдон сатылып жатат.

«Жалал-Абад шаардык мэриясы жергиликтүү жашоочуларды жана конокторду жаңы ачылган муниципалдык базарга келип, керектүү азыктарды жана буюмдарды арзан баада алып кетүүгө чакырат!»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, мындай арзандатуу күн сайын улантылат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

885