7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сөз эркиндигин туу туткан АКШда акыркы 5 жылда 279 журналист камакка алынган

613

Сөз эркиндигин туу туткан АКШда акыркы 5 жылда 279 журналист камакка алынган. Бул тууралуу “US Press Freedom Tracker” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, журналисттер ишмердүүлүгүнүн натыйжасында кармалып, камакка алынган жана айып пул салынган.

2017-жылы – 40 журналист;

2018-жылы -13журналист;

2019-жылы- 9 журналист;

2020-жылы- 144 журналист;

2021-жылы- 59 журналист;

Ал эми ушул жылдын октябрь айына чейин 11 журналист кармалган.

АКШнын Нью-Гэмпшир штатында жайгашкан “Londonderry Times” жумалык гезитинин журналисти Дебро Пол 2022-жылдын 24-августунда камакка алынган. Ал саясий жарнак мыйзамдарын бузгандыгы үчүн алты берене боюнча айыпталган. Дебро Пол, буга чейин 2019 жана 2021-жылдары штаттын шайлоо мыйзамдарына баш ийбегени үчүн мыйзамга ылайык эскертүү берилген.

Билдирүүгө ылайык, Пабылга 2021-жылдын сентябрында акыркы эскертүү каты жиберилген.

Күнөөсү далилденсе, Пабыл бир жылга чейин түрмөгө кесилиши жана ар бир айып үчүн 2000 долларга чейин айыппул төлөшү мүмкүн. Соттук териштирүү 2022-жылдын 19-октябрына белгиленген.

Ал эми, Лос-Анжелестеги штаттан тышкаркы фотожурналист Джессика Роджерс 2022-жылдын 23-апрелинде Калифорниянын Сан-Клементе шаарында өткөн нааразылык акцияларын документтештирүү учурунда полициянын буйругуна баш ийбегендиги үчүн айыпталып, камакка алынган. Полициянын маалыматы боюнча, нааразычылык акцияга катышуу үчүн 30-45 адам чогулган.

2020-жылы фотожурналист Че Кинди Нью-Йорктун Манхэттен районундагы нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан жеринен кармалган. Ал «Американы кайра улуу кылабыз» деген демонстрациясын чагылдырып жаткан кезде полиция кызматкерлери Кинди камакка алган.

Арканзас штатындагы KNWA/FOX24 News телеканалынын кабарчысы Нкирука Азука Омерони сотту сыйлабагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 2019-жылдын 19-ноябрында үч күнгө камакка алынган.

Нкирука Азука өлүм жазасын алган шектүүнүн сот процессине катышып, сот процессинин жүрүшүн жаздыруу үчүн уюлдук телефонун колдонгон.

Маалыматка ылайык, сот залында болуп жаткан видеокамераларга тартууга жана үн жаздырууга тыю салынган. Телефонго үн жаздырып алган журналист буйрук тууралуу билбегенин айткан. Буга чейин башка штаттарда иштеп, ал жакта журналисттерге үн жаздырууга уруксат берилгенин айтып, соттун жүрүшун жаздырууга каршы эскертүүчү белгилерди көрбөгөнүн билдирген.

2021-жылдын 16-апрелине караган түнү Миннесота штатындагы Бруклин борборундагы бийлекке нааразылык акцияларын чагылдыруу учурунда полиция тарабынан кеминде 15 журналист кармалган.

Нааразылык акциясы кечки саат 9га чейин тынч өткөн. Андан соң элдин айрымдары ак үй тарапка буюмдарды ыргытып, айланасындагы тосмону бузуп өтүүгө аракет кылышкан. Бул акцияны чагылдырып жаткан журналисттерди жок кылуу буйругу полицияга келип, алар камакка алынган.

Бул маалыматтар https://pressfreedomtracker.us/arrest-criminal-charge/?categories=4&date_lower=2021-01-01&date_upper=2021-11-15

шилтемесинен алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614