7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сөздөн чыккан уруштан ок атылып, үч жаран жаракат алды

582

Жайыл районунда мушташ учурунда ок атылып, үч жаран жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 6-ноябрь күнү саат 02.30да болгон. Анда Новониколаевка айылында азык-түлүк дүкөнүнүн жанынан бир топ адамдар өз ара чырдашып, Т.К.ны травматикалык тапанча менен сабап, жарадар кылышкан. Үч жаран ар кандай жаракаттар менен Жайыл районунун аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бул окуяга тиешеси бар Жайыл районунун тургундары Т.Э., А.Э. жана 1995-жылы туулган жаран кылмышка шектүү делип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

583