Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Ош шаарында өлкө аймактарынын экономикалык өнүгүү маселеси боюнча кезектеги көчмө кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик органдар жана муниципалдык бийлик органдары астында кыска мөөнөттө калкттуу пункттардагы аймактарды зоналаштыруу жана райондоштурууну жүргүзүү милдети коюлган.
«Жарандарыбыз кайда иштеп жана кайда жашай тургандыгын алдын-ала билиши керек. Жергиликтүү бийлик органдары мамлекеттик органдар жана донордук уюмдар менен биргеликте Ош облусунун пилотунун мисалында аймактарды өнүктүрүү багыттарын аныктоосу зарыл. Министрлик жан ведомстволордун өнүктүрүү боюнча бардык программалары белгилүү аймакта топтоштурулат. Алар кайсыдыр бир шаардын өндүрүш зонасынын аныкталган аянтчасына фабрика же завод ишканасы болуп жайгашат. Аларга энергия, коммуникация, жолдорду тартып даярдап, толук өндүрүштүк инфраструктурасын түзүп беришибиз керек. Ошондо инвестролорго шарт түздүк десе болот», — деп билдирди Равшанбек Сабиров.