Бишкек травмотология жана ортопедиа илим-изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков Орусия илимдер академиясынын чет элдеги мүчөсү болуп, диплом алды.
Бул тууралуу анын жакындары социалдык баракчасы аркылуу кабарлап, чогу түшкөн сүрөттөрүн жүктөгөн.
Тастыкталган маалыматка ылайык Орусия илимдер академиясы Жумабековду 2019-жылдын соңунда кабыл алган. Пандемиядан улам сыйлыкты тапшыруу аземи ушул учурга жылдырылган.
Илимдер Академиясындагы иш чарага Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен катышкан.
Белгилүү болгондой Акаев аталган академияда 2006-жылдан бери мүчө.