7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садык Шер-Нияз: ООНдун 76 сессиясында Жапаровдун идеясы ишке ашканы турат

1738

“ООНдун 76 сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат”, — дейт Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз өзүнүн Facebook баракчасына.

Анда ал ООН Кыргызстанга кол чаап, ырахмат айтканын билдирген.

«Мөңгүлөрдү сактоо боюнча резолюциябызды акыркы (төртүнчү) комитеттен өткөзүп жатабыз. Башы ООНдун 76 сессиясында президент Садыр Жапаровдун идеясынан башталган сөз ишке ашканы турат. Президенттик администрация, ТИМдин, өкмөттүн бардык структуралары, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү аркылуу даярдалган бул документти алып чыгабыз. Өтпөй калса келтек биринчи бизге тиет. Ал үчүн кадимки эле жүгүрмөй, суранмай, колдоо күтмөй, бирок ошого жараша документ дагы кынтыксыз даярдалышы керек. Ошондо душманың болсо да колдоп беришет жана кол чабышат. Ушул видеодон Улуу Британия, Исландия, Швейцария, Австрия, Россия Кыргызстанга адамзатка эң керектүү резолюция деп ырахмат айтып жатканын көрсөңөр болот. Эң алдында сөз алып, резолюцияны жактап аягында бизди колдогон 20дан ашык өлкөгө ырахмат айттым. Буйруса эми бул резолюция генконференциядан толук кабыл алынганда сүйүнчүлөйбүз. Бар болгула», — деп жазган ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1739