7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров 56 жашка толду. Алагөзов президент туулган күнүндө иш үстүндө болорун айтты

516

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда 56 жашка толду.

«Кабар» агенттиги президент туулган күнүн кайда жана кимдер менен тосоруна кызыгып, президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовго суроо узатты.

Аскат Алагөзов президент туулган күнүндө иш үстүндө болорун айтты.

«Мамлекет башчысы былтыркыдай эле жумушта болот. Ал туулган күндү өзгөчө өткөргөндү жактыра бербейт. Балким, жумуштан кийин үйүндө жакындары, үй-бүлөсү менен белгилеши мүмкүн», — деген ал.

Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

Жапаров 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын президенти болуп шайланып, 28-январдан тарта президенттик кызматка расмий киришкен.

517