7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Акылман» президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин I жыйынын өткөрдү

436

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйынына катышты.

Лицейдин директору Эмил Рыскулов катышуучуларга билим берүү мекемесинин 2023-2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, ошондой эле окуу процессин уюштуруу жана келерки жылга пландар тууралуу маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө лицейдин негизги жетишкендиктери, анын ичинде окуучулардын республикалык жана эл аралык олимпиадалардагы жетишкендиктери, ошондой эле жаңы билим берүү технологияларын жана программаларын киргизүү каралды.

Директор отчеттук мезгилде окуучулар бардык негизги предметтер боюнча жетишкендиктеринин олуттуу жогорулагандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы лицейге таланттуу окуучуларды кабыл алуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Садыр Жапаров «Акылманга» тапшырууну каалагандарга бирдей шарт түзүү зарылдыгын белгиледи. Окуучуларды тандоонун башкы критерийи жогорку академиялык жетишкендик гана болууга тийиш. Садыр Жапаров президенттик лицейдин бүтүрүүчүлөрү жогорку интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалга ээ болушу керектигин баса белгиледи.

 

437