7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Анкарада Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына катышты

532

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге бүгүн, 3-июнда, Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен түрк лидеринин кызматка киришүүсүнүн салтанаттуу аземине ардактуу конок катары катышты.

Салтанаттуу иш-чара 2023-жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында жер титирөөдөн каза болгондорду бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталып, андан соң өлкөнүн мамлекеттик гимни жаңырды.

Түркия Республикасынын шайланган Президенти Режеп Тайып Эрдоган инаугурациялык сөз сүйлөдү.

Андан кийин бардык жогорку даражалуу коноктор үчүн Түркия президентинин атынан расмий кабыл алуу иш-чарасы болду.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

533