7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын кабыл алды

396

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-январда, 2010-жылдагы апрель окуясынын жүрүшүндө каза болгондордун жакындарын жана бул окуянын катышуучуларын кабыл алды.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысынын атына 2010-жылдагы апрель окуясында жабыркагандар, бул окуядан кийин түзүлгөн коомдук уюмдардын өкүлдөрү өз-өзүнчө кайрылып, кабыл алуу өтүнүчтөрүн бир нече ирет билдиришкен.

Жыйынтыгында, Садыр Жапаров апрель окуясына тиешеси бар делген бардык уюмдардын өкүлдөрүн чогуу кабыл алды. Жолугушуу президенттин Администрациясынын имаратында өттү.

Жолугушуу жүрүшүндө апрель окуясынын катышуучулары жана бул окуяда каза болгондордун жакындары өздөрүнүн турмуштук-социалдык маселелерин айтып, мамлекет башчысына суроолорун узатышты.

Президент суроолорго жооп берип, өлкөдөгү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Мамлекет башчысы менен болгон жолугушууга өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген эки жүздөн ашык киши катышты.

397