7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти

447

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, мамлекеттик сапар менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти.

24-25-апрелде боло турган сапардын алкагында мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү куруунун келечегин талкуулайт.

Ошондой эле мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анын жыйынтыгы боюнча Президенттердин Биргелешкен декларациясына жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар макулдашууларга кол коюлат.

Мамлекет башчылары ошондой эле Хыдырлы айылындагы орто мектептин курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— энергетика министри Таалайбек Ибраев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова;

— саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов;

— КР Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев;

— президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.

448