7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Азербайжанга жөнөп кетти

428

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжан Республикасына жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал Саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Максат Мамытканов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

429