7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган топ кармалды

800
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Алар массалык башаламандык уюштуруп коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууну көксөшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган топ криминалдык жана диний идеологияны кармангандар экени такталды.
Кармалгандардын үйлөрү жана унаалары тинтилип, жардыргычты колго жасай турган компоненттер, ок атуучу куралдын түрү, ок-дары, рациялар, бронежилеттер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формалары, дрондор, экстремисттик адабияттар, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылганы белгиленди.
801