7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору пара менен кармалды

594

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору опузалап акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызмат ректордун 100 миң сом талап кылганын аныктаган.

Бул академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 97 дареги боюнча Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын имаратында жайгашкан мамлекеттик мүлктү ижарага алуу укугун узартуу үчүн талап кылган.

4-июлда шектүү миң доллар алып жатканда кармалганы айтылды. Ошондой эле каражатты которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А жана Б.К.Т. да кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

595