7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мирлан Эшенов: Биздин команда даяр. Баарыңыздарга ийгилик!

420

Күн мурун Жалал-Абад шаарындагы «Жаннат» мейманканасында 20 жашка чейинки жаштар арасында өтө турчу “CAFA Championship” Эл аралык мелдешинин алдындагы атайын маалымат жыйын болуп өттү.

Ага Кыргызстан, Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран жана Өзбекстан курама командаларынын башкы машыктыруучулары катышып, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. 

Кыргызстандын Жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов команда даяр экенин айтты.

«Мындай мелдешти биздин өлкөдө, анын ичинде түштүк аймагында- күнөстүү Жалал-Абадда өткөрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Ооганстандык кесиптешим айткандай, бул турнир сентябрь айында бизде өтө турган тандоо туруна даярданууга мүмкүнчүлүк берет.

Борбордук Азияда Иран, Өзбекстан сыяктуу күчтүү командалар бар экенине абдан кубанычтабыз, жана алар менен финалдык баскычта ойнойбуз деген ишеничтемин.

Биздин команда даяр! Биз сегиз күндүк окуу-машыгуу жыйынын өткөрдүк. Учурдан пайдаланып, «Барселона» футболдук клубунун жетекчилигине эң сонун шарттар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баарыңыздарга ийгилик!»,-дейт Эшенов.

 

421