7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров БАЭ президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

590

Президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскор ханзаада шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга жана БАЭ вице-президенти шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумга БАЭ Президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Маркум шейх Халифа бин Заед Аль Нахайян Бириккен Араб Эмираттарынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын гүлдөп ѳнүгүшүнѳ жана элинин бакубаттыкта жашашына эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.Шейх Халифа биз үчүн өзүнүн даанышмандыгы жана камкордугу, айрыкча дүйнө жүзүндөгү муктаж адамдарга көрсөткөн боорукердиги жана кайрымдуулугу менен ар дайым үлгү болуп кала берет. Анын нарктуу сөзү, салмактуу ойлору жана жалпы адамзат үчүн жасап кеткен бардык асыл эмгектери ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атынан Сизге жана маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана Эмираттын боордош элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азаңыздарды тең бөлүшөм», — деп айтылат телеграммада.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591