7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды

807

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри  Купешев «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыктын талаптарын, мектеп окуучуларынын жана жаштардын Руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүү жана дене тарбия концепциясын ишке ашыруу алкагында билим берүү стандарттары кайрадан каралып жатканын, заманбап талаптарды эске алуу менен этика, эстетика, дене тарбия жана мектепке чейинки жаштагы балдарды, мектеп окуучуларын жана студенттерди тарбиялоо боюнча предметтер киргизилгенин маалымдады.

«Жалпысынан билим берүү системасынын деңгээлин жана ага болгон элдин ишенимин жогорулатуу өтө маанилүү. Ошондой эле негизги баалуулуктарды, руханий көрсөтмөлөрдү жана ишенимдерди калыптандыруу үчүн жогорку адеп-ахлактуу инсанды тарбиялоонун принциптерин жана жолдорун ачууга жардам бере турган руханий-адеп-ахлакты өнүктүрүү боюнча предметтерди киргизүү зарыл», — дейт Жапаров.

Эскерте кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында  Президент Билим берүү жана илим министрине Кыргызстандагы илим жана билим берүү чөйрөсүн мындан ары өркүндөтүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

808