7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Дастан Сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты

492

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда, Бишкек шаарынын 11-кичи районунда курулуп жаткан “Дастан Сити” турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Комплекс 2660 батирге ылайыкталган 24 он жети кабаттуу үйлөрдөн турат. Мамлекеттик ипотекалык компания менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ага жашоого толугу менен даяр абалда 500 батир берилет.

Мамлекет башчысына курулуш көп жылдар бою кароосуз калган карьердин ордунда пайда болгон таштанды полигону жайгашкан жерде жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды. Бул жер тилке көптөн бери экологиялык көйгөй болуп келген жана аны тазалоо үчүн чоң аракеттер жасалган. Бул аймактан тонналаган таштанды чыгарылганы белгиленди.

“Экспострой курулуш компаниясы” ЖЧКнын директору Кубанычбек Тулеев Президентке долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирерин, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралганын айтып берди. Ал ошондой эле жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн курула турган балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, 280 орундуу бала бакчалары (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча) бар турак жай комплексинин долбоорун көрсөттү.

Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, ал эми долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган. “Дастан Сити” долбоору — мурда кароосуз калган жана булганыч жерлерди жашоочуларга коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кыла алчу көрктөндүрүлгөн райондорго айландыруунун символу болмокчу.

493