7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Эрдэнэт” тоо кен заводунун жаңы технологиялары менен таанышты

587

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы “Эрдэнэт” заводу мамлекеттик ишканасына барды.

Мамлекет башчысына “Эрдэнэт” заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди. Ишкана 1973-жылдан бери иштеп келет, Совет жана Монгол өкмөттөрү «Эрдэнэт» жез-молибден кенин иштетүү боюнча биргелешкен ишкана түзүп, ал бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири бойдон калууда. Кийин 2019-жылы Монголия Өкмөтү чыгарган токтомго ылайык «Эрдэнэт Индастри» толугу менен мамлекеттик менчикке өткөн.

Бүгүнкү күндө ишкана эл аралык жез рыногунда маанилүү позицияны ээлейт, өлкөнүн мамлекеттик бюджетин түзүү менен Монголиянын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Президент Садыр Жапаров карьерди жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттолуп жаткан жез-молибден концентратын чыгарган ишкананын фабрикасын көрүп чыкты. Заводго барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын «Эрдэнэт» кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты. Кыргызстанда алтын-жез концентраттарынан жезди алып чыгаруу боюнча фабрикалар жана технологиялар жок экендигин эске алуу менен, кыргыз тарапка бул тажрыйба кызыктуу.

Бүгүнкү күндө кыргыз тарап бул рудаларды чет өлкөдөн кайра иштетүүгө аргасыз болууда. Алтын-жез рудаларын кайра иштетүү боюнча заманбап фабрика курулса, Кыргызстандын аймагында жезди жана башка пайдалуу компоненттерди кайра иштетүү жана алып чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот, бул болсо бюджеттин киреше бөлүгүнө олуттуу таасирин тийгизет. Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасында Монголиянын экономикасындай эле тоо-кен тармагы да өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи. Кыргызстан бул тармакта чоң потенциалга ээ, буга байланыштуу Монголиянын бул чөйрөдөгү бай тажрыйбасын изилдөөгө кызыкдар. Мамлекет башчысы тоо-кен жана геологиялык багыттар боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, геология жана тоо-кен тармагынын ар кыл актуалдуу жана келечектүү багыттары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөр жана алмашуу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Президент Садыр Жапаров «Эрдэнэт» заводунун жетекчилигине Кыргызстандын компетенттүү түзүмдөрү менен биргеликте тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн жакшылап ойлонуштурууну сунуштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

588