7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери менен жолукту

329

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен тет-а-тет форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргыз-герман жана глобалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Канцлер Олаф Шольц кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү динамикасына жогору баа берди. Ал Германия Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде эки өлкө үчүн артыкчылыктуу тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Азыр биздин өлкөгө германиялык бизнес тарабынан бир кыйла кызыгуу байкалып жатканына кубанычтабыз. Биз германиялык бизнестин биздин экономикабызга катышуусун кубаттайбыз”, — деди Садыр Жапаров. 

Бул контекстте Президент Садыр Жапаров гидроэнергетика, транспорт жана логистика сыяктуу кызматташуунун артыкчылыктуу тармактарын айтып өттү. Ал Кыргызстан Германия менен, ошондой эле бүтүндөй Европа Биримдигинин өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка ачык экендигин баса белгиледи.

 

330