7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Глобалдык тоо диалогунун алкагында көчөт отургузууга катышты

304

Өлкө башчы Садыр бүгүн, 25-апрелде, «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында көчөт отургузууга катышты.

Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземи эл аралык конференциянын кадырлуу конокторунун катышуусунда Ала-Арча жаратылыш паркында өттү.

Иш-чара өтүүчү жерде тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, салттуу музыка аткаруучуларынын катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды.

Мамлекет башчысы жана ардактуу коноктор көргөзмө павильондорун кыдырып, анда өлкөнүн бардык облустарынан келген өндүрүмдөр менен таанышышты. Ал жерде улуттук суусундуктар, дары жана чай өсүмдүктөрү, жүндөн жана кийизден жасалган буюмдар, кыргыздын салттуу даамдары – боорсок, бал жана башка көптөгөн нерселер коюлган.

Катышуучуларга сый көрсөтүү иретинде жана кыргыз меймандостугу менен Садыр Жапаров катышуучуларга символикалык белектерди: эркектер үчүн салттуу баш кийим ак калпак, аялдарга улуттук баш кийимдерди жана кыргыз эл кийимдеринин элементтерин тартуу кылды.

Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Глобалдык тоо диалогунун катышуучуларынын күч-аракеттеринин биримдигин чагылдырган бак-дарактарды отургузуу аземи менен жыйынтыкталды.

 

305