7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров инаугурация күнү жолду жабууга тыюу салды

341

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземине 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок, аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ыксыз экенин белгилеп, каршылыгын билдиришти.

Садыр Жапаровдун тарапташы Адинай Марипова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы шайланган өлкө башчысы инагурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыкты.

«Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин Кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жол жапканды токтотот«, — деп жазды Марипова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

342