7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Италия Сенатынын спикери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

500

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда, Рим шаарында Италия Республикасынын Сенатынын спикери Иньяцио Ла Русса менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелер боюнча, анын ичинде мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле регионалдык маселелер жана маданий-гуманитардык кызматташуунун айрым аспектилери талкууланды.

Спикер Ла Русса Кыргызстандын Президентинин сапары Италия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерде маанилүү окуя болгонун канааттануу менен белгиледи.

Өз кезегинде Садыр Жапаров кыргыз тараптын өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана Италия менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду илгерилетүүгө чечкиндүү экенин баса белгиледи. Кыргызстан чет өлкөлүк ишкерлердин өлкөнүн рыногуна кирүүсү жана инвестицияларды салуусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жана жагымдуу инвестициялык климатка ээ.

Ал Кыргызстан чет элдик, анын ичинде Италиядан инвестиция тартууга, тоо-кен, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, курулуш, туризм ж. б. тармактарында келечектүү долбоорлорду ишке ашырууга ачык экендигине өзгөчө басым жасады.

Президент Садыр Жапарова эки тараптуу кызматташтыктын кеңейиши үчүн олуттуу потенциалы бар экенин белгилеп, Италияга болгон бүгүнкү сапары анын толук ачылышына өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

 

501