7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Италияга жана Ватиканга расмий сапары менен барат

300

Президент Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италия Республикасына жана Ыйык Тактыга (Ватикан) расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“3-октябрда Президент Садыр Жапаровдун Италия Республикасынын Президенти Серджо Маттарелла, Италия Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Джорджей Мелони, Италия Республикасынын Депутаттар палатасынын Төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия Республикасынын Сенатынын Төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Италияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-италиялык мамилелеринин бүтүндөй комплексин жана алардын өнүгүү келечегин талкуулашат, ошондой эле эл аралык күн тартиби боюнча пикир алмашат.

4-октябрда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болот”, — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

301