7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту

476

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-катар эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана аларды өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекети менен эки тараптуу кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыктыгын айтты.

Ал артыкчылыктуу багыттарды жана кыргыз тараптын биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын канааттануу менен белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу агрессия боюнча да пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып кирип, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал орду толгус жоготууларга алып келгенин белгиледи.

Өз кезегинде Тамим бин Хамад Аль Тани акыркы окуялардан улам, зарылчылык болсо Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Ал ошондой эле катар тараптын Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууну жогорулатууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Тамим бин Хамад Аль Тани Президент Садыр Жапаровду Катарга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

477