7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Конституциялык реформа бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү үчүн керек

174

Кыргызстанда болуп жаткан төңкөрүштөр, иштеп жаткан режимдерди кулатуу, бийликтин эл алдындагы кадырынын түшүшү, саясий жана экономикалык кризис – мунун баары элге эмес, бийлик башында отургандарга гана кызмат кылган мамлекеттик башкаруунун жарыбаган системасынын натыйжасы.
Мына ушундай бийлик системасынын 30 жыл бою сакталып келишине мүмкүнчүлүк
берген дагы бир жагдай – буга чейин эч ким: президент да, премьер-министр да, Жогорку Кеңештин депутаттары да эч нерсеге жооп беришкен эмес. Президентикке талапкер Садыр Жапаровдун пикири ушундай. Жапаров конституциялык реформа гана иштин абалын өзгөртөт деп эсептейт. Бул туурасында анын шайлоо алдындагы платформасында айтылган.


Конституциялык реформа эмне үчүн керек?
Реформа бийликтин эл алдындагы жоопкерчилик механизмин түзүү үчүн керек. Баш
мыйзамда жазылган жоболор бүгүнкү күнгө чейин коллективдүү жоопкерсиздикти жактап келишкен. Садыр Жапаров конституциялык реформанын алкагында жаңы аралаш парламенттик системаны – мажоритардык -партиялык системаны сунуштоодо.


Аралаш парламенттик системада эмне өзгөрөт?
Садыр Жапаровдун пикиринде учурда идеологиялык догма катары Кыргызстанга
таңууланып жаткан батыштын заманбап демократиясы бул байлардын гана бийлиги.
Партияны байлар гана түзө алат. Партиялык тизмедеги орундарды да байлар гана сатып ала алышат. Алар эл алдында эч нерсеге жооп бербейт. Мажоритардык жана партиялык тизме аралаш системасы өзүнүн шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик тарта турган чыныгы эл өкүлдөрүн шайлоо үчүн керек.
Партиялар кууп таркатылбайт, бирок аларга көз карандысыз бир мандатуулар тең салмак жаратат. Мындай учурда партияларга утуп чыгуу татаал болуп калат жана “асман менен баспай, жерге түшүп”, элге берген убадаларына жооп берүүгө туура келет.


Президенттик бийликти эмне үчүн күчөтүү керек?
Тарыхта өлкөнү кризистен чыгарып, улуу мамлекетке айландырган бир да легендарлуу
парламент болгон эмес. Бирок кыйын күн башка түшүп турганда башын тобокелге сайган, жоопкерчиликти тайманбай моюнга артып, өлкөсү, эли үчүн болуп көрбөгөндөй улуу иштерди жасаган легендарлуу инсандар толтура. Президенттик бийлик бул биринчи кезекте өлкодө болуп жаткан бардык иштерге ченемсиз жоопкерчиликти алуу. Президенттин бийлиги – бул көйгөйлөрдү ылдам жана чечкиндүү чечүүнүн шайманы. Президенттик бийликке каршы чыгып жаткандар олигархтык топторго жана тышкы башкарууга кылчактап көз каранды болбогон лидер коомдун денесине сүлүк курттай жабышкан коррупционерлерди, паракорлорду жана башка мителерди таман астына чөгөлөтөөрүн эң жакшы түшүнүп турушат.
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турган саналуу күндөрдө эле
коррупциялык түзүмдөрдү аныктап таап жоё турган процесстерди ишке киргизе алды да жана бул колу таза эмес саясатчылар менен чиновниктердин жүроктөрүн түшүрүүдө.

Элдик Курултай эмне үчүн керек?
Жаңылануунун каршылаштарын ошондой эле Элдик Курултай алдында жооп берүү да
коркутуп турат. Курултай – бул биринчи кезекте элдик бийликти күчөтүү. Айрым
ишмерлердин Элдик Курултайды түзүүгө каршы чыгып жатканы алардын элди
тоготпогонун, эл алдында жооп берүүнү каалабай турганын айтып турат.
Конституциялык реформадан башталган бул реформалардын бүт комплекси эл менен
бийликтин ортосундагы мамилелерди биротоло өзгөртөт. Жаңылануу жана мамлекеттин жарага иштешин жолго коюу аркылуу гана сапаттуу, узак мөөнөттүү натыйжаларга жетишүүгө болот.
Саясий көйгөйлөрдү чечип, саясий жактан ымалага келүүгө жетишип жана экономикалык терең өзгөртүүлөрдүн жолуна түшкөндө гана Кыргызстанды создугуп келе жаткан кризистен чыгарып, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарынан калктын жашоо деңгээли жогору, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошууга болот.
Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык жарандарын 10 январда референдумга келип өз тандоосун жасоого чакырат!


КҮЧТҮҮ МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН!
КҮЧТҮҮ ПРЕЗИДЕНТ ҮЧҮН!
ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ҮЧҮН!
САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Бишкек шаары Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. 2020-жылдын 22-декабрь даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

175