7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кумтөр боюнча бүгүнкү чечим — мамлекетибиздин өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башталышы гана

615

“Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты”,- деди президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуусунда.

“Бул, албетте, кейиштүү жана өкүнүчтүү! Бирок өткөн ишке өкүнбөйт демекчи, эл-журтубузга жараткан Кудайым белек кылган байлыкты уурдагандар, тоногондор тууралуу сөз кылгым келбейт. Мен кыргыз саясатындагы басып өткөн жолумда – Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келдим. Ал үчүн санаалаштарым, үй-бүлөм менен бирге далай кыйынчылыктарды да башымдан өткөрдүм.

Азыр жөнү жок эсептешип, кимдики туура, же кимдики туура эмес деп акыйнек айтышып, күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок. Мен калкымды алдыга карай сүрөп, илгери баштагым келет. Андыктан, өткөнгө кылчактабастан, алдыга карай чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Мындай саясат өз мамлекеттүүлүгүнө ээ эркин элге жарашат деп эсептейм. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Кумтөр боюнча бүгүнкү чечим — мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башталышы гана.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, командама, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге жемибизди жедиртпей, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер өлкөбүз үчүн эбегейсиз чоң кызмат кылдыңыздар!

Алтын казуу ишин бир да мүнөткө үзгүлтүккө учуратпай, кенди иштетип кеткен Кумтөрдүн бүтүндөй эмгек жамааты дагы биздин жылуу сөздөрүбүзгө жана мактоого татыктуу.

Сунуштаган чечимдерибизди колдоп, бекитип бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Жана албетте, Кумтөрдү элибизге кайтарып берүү ишинде эрки майтарылбай, кыйла жылдар бою күрөшүп келген бардык жарандарга, бардык кыргызстандыктарга — чын жүрөктөн алкыш айтам!

Бүгүн — биздин жалпы жеңишибиз! Урматтуу кыргызстандыктар! Бардыгыңыздарды башталган ыйык Орозо айы менен куттуктайм!

Ар бир үйдү ырыскы, береке-кут жана бакты-таалай ыроолосун. Орозоңуздар кабыл болсун!Жараткан Кыргызстаныбызды колдосун!»- деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

616