7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

САДЫР ЖАПАРОВ: КУРУЛТАЙ – БУЛ НУКУРА ТҮЗ ДЕМОКРАТИЯНЫН МАҢЫЗЫ

205

Конституциянын, анын ичинде учурдагысынын да, бардык редакцияларында бийликтин ээси эл деп жазылган. Бирок чындыгында Кыргызстандын эли андан беш жыл ичинде бир гана жолу – шайлоодо добуш бергенде гана колдонот. Бирок шайлоодо да шайлоочулардын добуштары сатып алынат да бийлик ошол бойдон элди унутат. Өлкө жетекчилери кыңыр иштерди жасашат, коррупция менен алектенишет, алардын бул иштерин эл бир нече жылдардан кийин гана билет.
Садыр Жапаров
.

Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров
Конституцияга Курултай институтун киргизүүнү сунуштайт. Курултай өткөрүү элдин
талабы экенин белгилей кетүү керек.

Эл бийлиги үчүн!

“Курултай – бул мезгил сынагынан өткөн кеңешүүчү институт жана
көзөмөлдөөчү орган. Биз, кыргыздар, аны гендик деңгээлде түшүнөбүз. Курултай –
бул референдум сыяктуу эле нукура түз демократиянын маңызы. Президент,
өкмөт жана парламент ЖЫЛ САЙЫН жарандардын алдында отчет берип
турса, бийликтегилер элди алдай албай калат. Ар бир айылдан келген өкүл
жогорку мансаптагылардын берген убадасын сурай алат”, — дейт Садыр
Жапаров.

Ал белгилегендей, курултай болгондо, элдин чыныгы бийлиги орнойт.

Жоопкерчиликтүү бийлик!

“Эгерде мен керт башымдын кызыкчылыгын ойлосом, курултай инстутун
сунуштабайт элем. Кыргызстандын президенти ким болбосун, 5-10 жылдан кийин
бийликтен кетет. Ошондуктан чиновниктерди иштегенге мажбурлап, эл бийлигин
камсыз кыла турган институттардын системасы кала бериши керек”, — деп
билдирди элдик талапкер.

Мындай элдик жыйын коррупцияны, бийликти энчилеп алууну жана диктаторлук
режимдерди түзүүнү жоюуга кол кабыш кылуу менен саясий туруктуулукту орнотууга
жана адилеттүүлүк принцибин сактоого көмөктөшөт.

“Жыл сайын өтүүчү Курултайда сиздер өлкө бюджети канча, чет
мамлекеттерден канча гранттар келип жатат, кредиттер менен гранттар
кандай пайдаланууда баарын билип турсаңыздар болот. Эгерде кимдир бирөөлөр
уурдап жаткан болсо сиздер аны ачык айтып, коррупционерлерди жоопко тарууга көмөктөш болосуздар. Чыныгы элдик бийлик деген ушул”, — деп түшүндүрдү
Садыр Жапаров
.

Кыргызстан ар бир жаран келечегине сар-санаа болбой, мамлекеттик машинадан
коркпой, тескерисинче, ага ишенген жана таасир эте алган өлкө болот!


ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ҮЧҮН!
САДЫР ЖАПАРОВ ҮЧҮН!

Аткаруучу: « ___7tv.kg____ » ; дареги: Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Бишкек шаары Байтик Баатыр көчөсү 53;

. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

2020-жылдын 24-декабрьда даярдалды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер
Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы
маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида
Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

206